2014-жылдын биринчи кварталында Бишкекте үй-бүлө зомбулугунан 232 адам жабыр тарткан
Бишкекте 2014-жылдын биринчи
кварталында үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткан 232 учур катталды. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, анын ичинен 229 аял жана үч эркек жабыр тарткан. Мындан сырткары аталган көйгөйгө байланыштуу коомдук профилактикалык
иш-чаралар уюштурулуп, административдик
жоопкерчиликке 109 адам тартылган.