“Бишкекте 20 жаштагы жигитти уурдап, ал үчүн 70 миң сом талап кылган” деп шектелген 4 жаран кармалды

“Бишкекте 20 жаштагы жигитти уурдап, ал үчүн 70 миң сом талап кылган” деп шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 16-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 13-апрель күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда 1994-жылы туулган жарандын дайынсыз жоголгондугу айтылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ошол күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар 20 жаштагы уланды унаага салып кетишкени маалым болгон. Кийин кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун апасына уюлдук телефон аркылуу чалышып, баласы үчүн 70 миң сом талап кылышкан. Мындан улам барымтадагы баланын апасы алардын айтканына макул болуп, белгиленген жерге акчаны жеткирип берүү боюнча сүйлөшүшкөн. Бул учурда милиция кызматкерлери да бирге барышып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо аракети жүргөн. Мунун натыйжасында кылмышка шектелип Кочкор районунун 4 жараны кармалды.

Учурда “адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asanaka2
2014-04-17 09:30:12
Касягы катып таш болуп калса керекда баланын.Же тилинен жанылып калган.Же байдын баласы.
Кыскасы тиги торт эргулга жаман болду да мееси жоктор сураганга жараша милион сурабайбы.
Уурдагандарда жаш эле балдар окшойт
-3
Topcubai
2014-04-17 09:37:15
мал уурулуктан адам уурдоого оттубу эми!Окунучтуу
-1
Asanaka2
2014-04-17 09:46:38
Тиги балада иш барго дейм.Анан калса азыр бизде ар бир экинчи бойдок положенец черный эки кун залга барып алып учунчу куну озунон кичуулорго лекция окуп.Кайсы мееси менен уурдап кайсы ойу менен70 мин сурады дейм да бир болсо 93-92 жылкы балдар да тиги тортоо.Бекерден бекер беттерине адам уурдагыч банги деген ат жазып алышты оздоруно оздору жалко.,....мылыйсалар абат кылабы боор бойрогун узо койуп башкаларды да мойунуна илип салат тем бооле групповой журо беришсин тыынч журсо олобу
+2
Topcubai
2014-04-17 10:12:19
эми аны погону бар акалар чечет да.жакшылап суйлошсо тортоо тен акталаар.Заман азыр ошондойлордуку болуп калды го
-1
future_kg
2014-04-17 12:05:48
Озулорун голивудта сезип кетсе керек да!
0
aiba_00
2014-04-17 14:43:56
Мен дагы 20 жаштагы баланы уурдап, органдарын саткан аткан го деп ойлоптурмун го, акча доолаган турбайбы? Женил акчаны энсегендер эми отурсун, сарт санаасы менен байыйт болушса керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан