КРнын Билим берүү жана илим министрлиги республиканын жогорку окуу жайларында жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу процесси, студенттердин сабакка катышуусу боюнча текшерүү жүргүздү. Жыйынтыгында студенттердин сабакка катышуусу 50 пайыздан ашпаганы, сабак учурунда мугалим жок болгон фактылар аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 16-апрелде аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкектеги Москва ишмердүүлүк жана укук институтунун филиалында 14-15-апрелде сабак учурунда мугалим жок болгондугу аныкталды. Студенттердин сабакка катышуусу төмөн болуп (50 пайыздан ашпайт), аудиториялар жетишпегендигине байланыштуу ар кайсы курстагы, ар кайсы тайпадагы студенттер бир аудиторияда сабак алып жатышкандыгы маалым болду. Аталган окуу жайдын окуу секторунун башчысы жана 6 мугалими бул тууралуу түшүнүк кат жазышты.