Кытайда 4 колдуу жана 4 буттуу болуп төрөлгөн ымыркайдын абалы жакшы

Кытайдын Гуандун провинциясынын Хойчжоу шаарында 4 колдуу жана 4 буттуу болуп жарыкка келген ымыркайдын ашыкча мүчөлөрү алынып салынды. Учурда анын ден соолугу жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалымдалгандай, дарыгерлер ымыркайга бир нече саат операция жасап, анын ашыкча мүчөлөрүн алып салышкан. 3 килограмм салмакта төрөлгөн наристенин салмагы операциядан соң 600 граммга азайган. Дарыгерлердин айтымында, эгиздер энесинин курсагында эле жакшы өнүкпөй калгандыгынан бири-бирине жабышып калышкан. Ошондой эле алар ымыркайдын тубаса жүрөк кемтиги жана пневмония менен ооруй тургандыгын аныкташкан.

Баланын атасы Чен мырза уулунун оорулуу болуп төрөлүп калышына өзүн күнөөлөп, "Мен акча-акча деп жүрө берип аялыма көңүл бурбаптырмын. Аялымды медициналык текшерүүдөн өткөрсөм болмок экен. Бул мен үчүн сабак болду" деп бармагын тиштеп жаткан кези.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kama_future_millioner
2014-04-17 09:59:01
щумдуккооо
+1
Topcubai
2014-04-17 10:03:37
дагы 1 аллахтын керемети
-2
Aksy-13
2014-04-17 10:11:04
тобоо кылдым, неси болсо да бала аман калыптыр, Кудай ден соолук жана омур берсин.
+3
nasi00
2014-04-17 11:38:57
Ошон учун бойго буткондон баштап каттого туруп врачтардын козомолундо болуш керек акча акча деп журобербей ымыркайга алла таалам омур ден соолук берсин кудайым алты саны аман наристелерди насип кыла кор!!!
+5
Turtkuch
2014-04-17 11:44:39
Балдары эгиз экен, учурунда врачка корунбой, УЗИге тушпой, туура эмес тамактануу, оор жумуштарды кылуу же туура эмес кыймылдоо, витаминдердин жетишсиздиги ж.б. факторлордон улам эгиздердин оорчуу процесси кайсы бир стадияда токтоп, кесепети бул болууда... Эгер жогоруда аталгандай туура тамакануу, врачтардын козомолундо болуу, оз убагында дарылануу эгиздердин аман эсен торолушун шарттамак... Анан тушунбой эле ажайып пайда болуптур деп дурбогон туура эмес, бул адамдын сабатсыздыгын айгинелейт.
+1
Bella-life
2014-04-17 12:08:01
Turtkuch,
Врачка корунбой жургондон эмес,
кайдан билесин, убагында текшерилип берки бала зыяны жок экенин билишип, анан королгондо кош эгизин алып салалы дешкендир,
0
Bella-life
2014-04-17 12:09:06
Bella-life,
торолгондо*
0
Almabek
2014-04-17 12:01:06
Эн биринчи эркектер аялдарынарды жакшылап карагыла, жакшы мамиле кылгыла, сыйлагыла.
+1
Bella-life
2014-04-17 12:06:08
просто эгиздин бироо жетилбей калган,
туйулдуктор пайда болгон кундон баштап эле кошо биригип жаралганго
ымыркайга кудай ден соолук берсин.
0
Turtkuch
2014-04-17 12:18:04
Bella-life, биринчи конул коюп окуп жур: "Баланын атасы Чен мырза уулунун оорулуу болуп төрөлүп калышына өзүн күнөөлөп, "мен акча-акча деп жүрө берип аялыма көңүл бурбаптырмын. Аялымды медициналык текшерүүдөн өткөрсөм болмок экен. Бул мен үчүн сабак болду" деп бармагын тиштеп жаткан кези."
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан