Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктаганы айтылды  

Депутат Ахматбек Келдибековдун 2013-жылдын 18-ноябрында кармалып, СИЗОго камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссия ишин аяктады. Муну бүгүн, 17-апрелде депутат Абдыжапар Бекматов билдирди. “Материалдар даяр, маселе күн тартибине кирсе, депутаттарга таратып беребиз”,- деди депутат. Комиссиянын иш жыйынтыгын бүгүн угуу сунушталууда. 

Төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров: “Күн тартибине киргизилет, бирок жетишпей калышыбыз мүмкүн. Анткени карала турган олуттуу маселелер көп”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан