Өткөн сутка ичинде республика боюнча 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Нарын облусунун Нарын районундагы Кызыл-Бел тилкесинде 100 гектар жердеги куураган чөп өрттөнгөн. Өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 18:08де түшүп, 22:45те Өрткө каршы кызматынын жана жергиликтүү 15 тургундун биргелешип аракеттенүүсү менен толук түрдө өчүрүлүп бүткөн.