Кыргызстандын "Азия-Нур" элдик бий ансамбли Түркияда өтүүчү эл аралык фестивалга катышат

Кыргызстандын "Азия-Нур" элдик бий ансамбли 19-24-апрелде Түркиянын Измир жана Каршыяк шаарларында өтүүчү эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ансамблдин негиздөөчүсү жана жетекчиси Нурлан Намазбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул фестивалга 20дай өлкө катышат экен. Биз фестиваль тууралуу угуп, сүрөттөрүбүздү жана видеобузду жөнөткөн элек. Март айынын аягында тандоо турунан өткөнүбүздү кабарлашкандан бери бизде тыным жок. Күн сайын 3 сааттан машыгып жаттык. Кыздарым абдан толкунданышууда, татыктуу бийлесек экен дешип. 

Фестивалда 9-10 жаштагы 10 кыз өз өнөрүн тартуулайт. Атайын фестивалга деп жаңы 3 улуттук бий даярдадык, жаңы формаларды тиктирдик. Даярдыгыбыз жакшы. Буюрса, 18-апрелде учуп кетебиз",- дейт Нурлан Намазбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан