Өткөн жылы облус аймагында 683 жол кырсыгы катталса, анын 64ү оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон. Ал эми жыл башынан бери оң рулдуу унаалардын катышуусунда 26 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 10 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Ош ОИИБинин тескөөчүсү Азиз Пазылов билдирди.
"Бизде азырынча жолдор оң рулдуу унааларга ылайыкташкан эмес. Аталган унааларды айдап жүрүүгө толук шарт жок”,- дейт ал.
Ош облустук автоунааларды каттоо департаментинин маалыматына ылайык, учурда 5 миңге жакын оң рулдуу унаа бар.