Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында депутаттар Бишкек-Ош унаа жолунун абалына Транспорт министрлиги көңүл бурбай жатканын айтышууда. Сайдулла Нышанов жолдун чөгүп кеткен жерлери автокырсыктарга себеп болуп жатканын белгиледи.
“Транспорт министрлиги “оңдойбуз” деп жылда айтат, бирок оңдолбойт. Мындай жолдор аварияга алып келүүдө. Урматтуу өкмөттүн өкүлү, мен айткан маселени көңүл коюп жазып алсаңыз, ушакты анан айтыша бересиз”,- деди Нышанов.
Депутат сүйлөп жатканда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев жанында отурган адам менен сүйлөшүп жаткан.