Бишкекте уурулукка шектелип 10 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 10 жаштагы кыз кармалды. Белгилүү болгондой, борбор шаардын 34 жаштагы Ж.Мая аттуу тургуну анын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, баасы 14 миң сом болгон "Самсунг Галакси ТАВ-З СМ-Т211" үлгүсүндөгү планшетин уурдап кеткени тууралуу арыз жазган. 

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясы тарабынан 10 жаштагы М.Аня (атасы М.Владимир, 1971-жылы туулган) аттуу кыз аталган кылмышка шектүү катары кармалган. 

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asanaka2
2014-04-17 10:48:23
10 жаштагы кыз акылы кирди чыкты милиция бербей алдап сураса да озу айтып бермек.
+4
Turtkuch
2014-04-17 11:15:47
10 жашар кызды камагыла эми жаш баланы акылы каылптанып буто элек..Мына бугунку бийликтин интеллекти, жузу!Кумтордо Канадалыктар миллиарддарды чыгарат, бийлик кайра аларга адвокат, Ж.Сатыбалдиев оорукананын жерин сатат,6 миллиард сомду синирип жиберген, аны камаган эч ким жок. Бабанов бир уруксатнама учун пара катары 2 миллион долларлык аргымакты алат,тергеген адам жок. Салянова озу Бишкектин ар кай жеринен мыйзамсыз турдо жерлерди менчиктеп жатат,оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болду
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан