Бишкекте бүгүн жаштардын курултайы өтөт

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте кыргыз жаштарынын биринчи курултайы өтөт. Бул тууралуу “Жаштар өкмөтү” кыймылынан билдиришти.

Жаш өкмөтчүлөрдүн айтымында, бул курултай кыргыз тарыхында биринчилерден болуп мамлекеттик деңгээлде өтөт. Ал эми курултайга республиканын аймактарынан делегаттар чакырылган.

Эскерте кетсек, жакында эле "Жаштар өкмөтү" аттуу кыймыл түзүлүп, кыргыз жаштарынын башын бириктирип, бирдиктүү күч болуу максатын алдыга коюп, жаңы багыт алган. Кыймылдын жетекчиси болуп Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан