Жогорку Кеңеште Бишкектин тегерегинен 2005-жылкы жер басып алуудан кийин курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлүүдө  

Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-апрелде Бишкектин тегерегинен 2005-жылкы жер басып алуудан кийин курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлүүдө. Муну депутат Карганбек Самаков көтөрүп чыкты. 

“2005-жылы Бишкектин Ленин, Свердлов өңдүү райондорунда жер басып алуулар болгон. Азыр ал жактарда жаңы конуштар, үйлөр курулуп, 10 миңдей үй-бүлө жашоо кечирип жатат. Үйлөрдү бузуп сала албай же алардын көйгөйүн чечип бере албай мэриянын башы айланып калды. Ушуларды мыйзамдаштырып бербейлиби? Бул боюнча мыйзам долбоор даярдап жатам, колдоп коюңуздар. 10 жылга жакындап калды, алар жумушка орношо албайт, аскердик каттоого тура албайт жана башка. Мыйзам боюнча, аларды жоопко тарта албайбыз. Бир жылдык акциянын алкагында 10 миң үй-бүлөнүн тагдырын чечип берели”,- деди Самаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан