Өрт өчүрүү кызматы Жаңы жылды майрамдоодо жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырды. Өрт өчүрүү кызматы тараткан маалыматта Жаңы жылды майрамдоодо от чачыраткан тарсылдактарды колдонууда, жаңы жылдык балатыны орнотууда эске алынуучу эрежелер тууралуу айтылган. Ага ылайык, жаңы жылдык балаты сыртка чыгуучу эшиктен алыс, дубал менен шыптан 1 метр аралыкта жайгаштырылышы керек. Өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн 2012-жылды тосуп жаткан түнү Кыргызстан боюнча 24 жерде өрт чыгып, анда 4 киши набыт болгон.