19-20-апрелде Бишкектеги Семён Чуйков атындагы Арт-борборунда саат 11:00-17:00гө чейин “Искусство балдары” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө аутизм оорусу менен жабыр тарткан балдардын эмгектери коюлат.
“Аутизм менен жабыркаган балдар үчүн чыгармачылык – адамдар менен пикир алмашуунун ыкмасы. Ал сүрөттөрдөн балдардын эмне деп айтарын көрүүгө болот. Анткени балдар чыгармачылык аркылуу ички дүйнөсүн көрсөтө алышат”,- дешет уюштуруучулар.
Эске салсак, 2-30-апрелге чейин бүткүл дүйнө боюнча аутизм оорусу боюнча маалымат жеткирүү максатында “Аутизмге көзүңдү ач” аталышындагы эл аралык акция өткөрүлүүдө.