Парламентте бүгүн, 17-апрелде депутат Эркингүл Иманкожоева тазалык маселесин көтөрдү. Депутат өлкөдөгү тазалык маселеси негизги көйгөйлөрдүн бирине айланганын айтып, буларга токтолду:
“Ысык-Көл аймагын, Ош-Бишкек жолун карайлы, таштандыга толо. Унаада бара жатып көп көрөм, чоң эле адамдар унаасынан бош бөтөлкө ыргытышат. Бул акмакчылык. Бирөөгө сын айтканды кыйын билебиз, келгиле, тазалык маселесинде өзүбүздү көрсөтөлү. Жарандарга кайрылат элем, таштанды таштабаганга үйрөнөлү. Үйдөн балдарга жакшы тарбия берели”.
Депутат тазалык маселесине байланышкан мыйзам долбоор даярдап жатканын кошумчалады.