"Замандаш-Современник" фракциясы Бишкекти өнүктүрүү программасын угууну кийинкиге жумага калтырды

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Замандаш-Современник" фракциясы Бишкекти социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын талкуулоону 21-апрелге калтырды.  
Фракция 17-апрелдеги отурумунда аталган маселени талкууламак. Бирок шаар мэри Кубанычбек Кулматов угууну жылдырууну өтүндү. “Бүгүн жолдун реконструкциясы боюнча Кытай тарап менен өтө оор сүйлөшүүлөр болуп жатат. Ошондуктан биз сиздердин жолугушууңуздарды жылдырып туралы. Анткени Кыргызстандын өкүлдөрү кечинде Кытайга учуп кетишмек. Ал маселе боюнча биз сүйлөшүү жүргүзүп, чекит коюшубуз керек”,- деди Кубанычбек Кулматов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан