Мамашарип Чотонов Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун ректору болуп дайындалды

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен Мамашарип Чотонов Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Мамашарип Чотонов 1968-жылы 6-апрелде Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында жарыкка келген. Аскердик кызматын өтөп келген соң, 1988-жылы Искусство институтуна тапшырып, маданий иш-чараларды уюштуруучу-методист адистигине ээ болгон. Кийин Улуттук университеттин экономика факультетин жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан