Депутаттар “санариптик телеберүүгө өтүүгө элдин даярдыгы жок” дешти

Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында депутаттар Кыргызстандын санариптик телеберүүгө өтүүсү боюнча элге маалымат берилбей жатканын айтып чыгышты. Депутат Каныбек Осмоналиевдин билдиришинче, эл санариптик телеберүүгө өтүүгө даяр эмес.

“2015-жылы санариптик телеберүүгө өткөнү жатабыз, бирок элдин баары аналогдук сыналгылар менен эле отурушат. Түшүндүрүү иштери жүрбөй жатат. Бир жолу ролик көрсөтүлдү эле, чочугансып аны да токтотуп коюшту. “Бул сыналгыңар кийин көрсөтпөй калат, мындай жабдуу алгыла” деп элге маалымат бериш керек. Мындай темп менен кете берсек, кийин түшүнбөстүк чыгат, Өзбекстан менен Тажикстан каналдарын бизге толтуруп салышат”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан