Вице-мэр Айгүл Рыскулова Бишкек шаарынын депутаттары менен таанышты

Бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында фракция төрагасы Таалайбек Сагынов вице-мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулованы депутаттар менен тааныштырды.

Депутаттар Айгүл Рыскуловага ийгилик каалашты. “Сиз менен иштешип жатканыбызга кубанычтабыз. Сиз буга чейин миграция министри болуп турганда эмгек мигранттары үчүн бир топ жакшы иштерди жасагансыз. Шаар үчүн да жакшы иштерди жасап, өз салымыңызды кошосуз деп ойлойбуз. Колдоо көрсөткөнгө даярбыз”,- деди депутат Чынара Шейшекеева.  

Вице-мэр бүгүн экинчи иш күнү экенин айтып, депутаттарга ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан