Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында депутат Нурбек Мурашев Токтогул суу сактагычында абал оор экенин айтты. Анын билдиришинче, бул маселени жакын арада Жогорку Кеңеште кароо зарыл.
“Суу сактагычта 8,5 миллиард метр куб суу калганы айтылууда. Жалал-Абадга бара жатып көрдүм, суу аз. Бул суу сактагычтын өлкө үчүн мааниси зор, жайында, күзүндө сууну толтуруп албасак, кышында кыйналып калабыз”,- дейт депутат.
Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров министрлик, тийиштүү жетекчилердин катышуусу менен бул маселе карала турганын билдирди.