“Бишкек шаарындагы маселелерди шаардык кеңештин депутаттарысыз чечүү мүмкүн эмес”,- деп билдирди бүгүн, 17-апрелде вице-мэрдин милдетин аткарып жаткан Айгүл Рыскулова “Замандаш-Современник” фракциясынын жыйынында.
“Бишкекте, өзгөчө жаңы конуштарда маселе көп. Аны чечүүдө биз сиздер менен бирге иштейбиз. Андан сырткары көйгөйлөрдү алгач төрөт үйлөрүнөн баштайбыз. Анткени төрөт үйүнө шаардыктардын ишеними жок болуп, нааразычылыктар күч алып кетти”,- деди Айгүл Рыскулова.