18-апрелде Баткен шаарында жана облустун райондорунда "Өрүкзардын мекени" фестивалы өтөт. Фестивалдын жүрүшүндө элге концерттик программа тартууланмакчы.
"Иш-чараны өткөрүүнү атайын өрүк гүлдөгөн мезгилге белгилегенбиз. Баткен облусун өнүктүрүү жана өрүктү облустун бренди катары таанытуу максатында жыл сайын бул фестивалды өткөрүүнү пландап жатабыз",- деп билдирди бүгүн, 17-апрелде Туризм департаментинин директору Максат Чакиев.
Ошондой эле ал: "Өлкөбүздүн туристтик потенциалы Ысык-Көл менен эле чектелип калбашы керек. Учурда өлкөнүн башка аймактарында туризмди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп кошумчалады.