"Бишкекте айымдардын кийимин жана уюлдук телефон уурдаган" деп шектелген эки айым кармалды

Бишкек шаарында "айымдардын кийимин жана уюлдук телефон уурдаган" деп шектелген айымдар кармалды.

Белгилүү болгондой, борбор шаардын 35 жаштагы О.Аида аттуу тургуну “МИЯ” дүкөнүнөн баасы 2250 сом болгон кийимин белгисиз адам уурдап кеткендиги тууралуу арыз жазган. Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы О.Мээрим кармалган.

Ошондой эле Бишкек шаарынын 25 жаштагы М.Гүлмира аттуу тургуну “Айкөл” кафесинен белгисиз бирөөлөр анын 9000 сомго бааланган “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткени тууралуу билдирген. Аталган кылмышка шектүү катары баш калаанын 20 жаштагы У.Акмөөр аттуу тургуну изи сууй электе кармалган. Учурда жогорудагы эки кылмыш иши боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Turtkuch
2014-04-17 13:17:03
2000-9000 сомдук кийим-товар уурдагандарды жазбагылачы сураныч, буларды да тушунгуло, жумушсуздук, ачкалык, айласыздыктан ушул ишке барышат, карыздары коп, продуктуга акчасы жок, батирге акча бере элек, балдарын мектепке жонотушу керек, айласыздык бийликтин жеткиргени.
+1
admin_superstan
2014-04-17 13:23:48
Turtkuch, Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Turtkuch
2014-04-17 13:21:46
Бугун Салянова отчет берип жатат, кыйноолор азайды,кылмыштардын бети 98% ачылып жатат деп, кечоо акыйкатчы аны соттон утуп алды го кыйноо фактысы болсо да прокуратура танганын далилдеп! 2000-9000 сомдук ууруларды камайсынар да эмнеге ж.Сатыбалдиевден 6 миллиард сомдун дайынын сурабайсынар!Эмнеге Ататурк паркындагы мыйзамсыз курулган особняктар боюнча иш козгобойссунар,эмнеге Бабановдон аргымактын дайынын,эмнеге Отунбаевадан Англиядагы 40-50 мин ф.с.турган вилланын акчасынын дайынын сурабайсынар
+1
Turtkuch
2014-04-17 13:26:27
Батукаев иши, Ош коогаланынын куноолуулору, апрель окуясынан кийинки банк ячейкаларын ж.б. тоноого тиешеси барлар, Кумтор маселеси ж.б. у.с. маселелерде Салянова эч ун катпайт, айтууну каалабайт, сураса ага буга шылтап койот, эл мындан ошого окшогон резенанстуу кылмышкерлерди кароосун, камоосун кутот, а бул тоок ууру, кийим ууруларды айтат бизге... Ошол тоок ууру, кийим уурулардын баардыгынын бир жылда уурдаганы бир орто тепкичтеги Акуй кызматкеринин 1 жылда сугунуп койгон акчасына тен келет
+1
papanstan
2014-04-17 15:49:44
Не кылат дейм да уурдап тынч эле журсо алты санын аман болсо иштесе болмок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан