Баткенде туризмди өнүктүрүү боюнча “Баткен-2014” эл аралык форуму өтүүдө

Бүгүн, 17-апрелде Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча “Баткен-2014” аталышындагы эл аралык экинчи форум өтүүдө. Ага 22 өлкөдөн 300гө жакын конок келди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков аталган форумду ачык деп жарыялады. Анда туризмди өнүктүрүүдөгү жарманке өтүп, өкүл келген конокторду тааныштырды.

Андан соң Жеңиш Разаков БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, 1-форумдун ийгиликтүү өткөнү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле инвестиция тартууга Баткен облусунун социалдык экономикасын көтөрүүгө чоң жардам болгонун айтты. Ошону менен катар 600 долбоор каралганын кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан