Таш-Көмүр шаарынын жарандык коргонуу боюнча 2014-жылга түзүлгөн даярдоо планына ылайык «Шаардык башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана катталгандагы иш- аракеттери» деген аталышта командалык-штабдык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Эки күнгө созулган машыгуунун штабдык бөлүгүндө Шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын иш кагаздары текшерилди. Ал эми практикалык иш-чарада жаратылыш кырсыгынын кесепетинен зыян келтирилген Таш-Көмүр шаарынын Токтогул көчөсүндөгү ички негизги чарбалык унаа жолуна габион торчолору орнотулуп, жээктери калыбына келтирилди. Ошондой эле акыр-чикирге толгон арыктар тазаланды.
ӨКМнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы Нурканбек Медетбеков: “Жалпысынан машыгуу максатына жетип, кемчилик кетирген Жарандык коргонуу кызматтарына эскертүү берилди. Машыгууга толук кандуу катышып, берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарган кызматтарга жана мекеме-ишканаларга алкыш”,- деп билдирди.