Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында 13 үй өрттөлдү. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Насирдин Дубанов бүгүн, 17-апрелде билдирди.
Анын айтымында, Ак-Сай айылына караштуу жайлоодо 13 үй өрттөлгөн. Азырынча аларды ким өрттөгөнү белгисиз.
“Ал жакка кышында бара албайбыз. Мындан улам кышында үйлөр бош калат. Менин оюмча, муну тажиктер жасады”,- деди Насирдин Дубанов.