Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында депутаттар башкы прокурордун отчётун угууну талашып- тартышууда. Башкы прокурор Аида Салянова баяндама жасоо үчүн трибунага чыкканда депутат Анарбек Калматов: “Комитеттин чечиминде "башкы прокурордун доклады эске алынсын" деп турат. Бул туура эмес, башкы прокурордун ишине парламент сөзсүз баа бериши керек. Комитеттин начар иштегени - Жогорку Кеңештин күнөөсү. Комитетке эскертүү жасашыбыз керек”,- деди.
Башка депутаттар бул маселени кароону башка күнгө жылдырууну сунушташууда.