2013-жылы электр энергиясынын баасы 10 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика жана өндүрүш министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди. Анын айтымында, бул сунуш Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинде талкууланып, андан кийин парламентке жиберилет. Азыркы учурда 1 кВт электр энергиясы саатына карапайым керектөөчүлөр үчүн 70 тыйын, ал эми өнөр жай жана соода тармактары үчүн 1 сом 50 тыйын.