Таалайбек Сагынов: “Парламенттик шайлоонун жакындап калгандыгына байланыштуу шаардын жаңы чектери олуттуу маселе болууда”

Бишкек шаарына кошула турган аянт 10 миң чарчы чакырымдан ашык. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде “Замандаш-Современник” фракциясынын жыйынында фракция лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

«Жаңы чектерди шаарга кошуу үчүн өкмөттүн 2013-жылдын аягындагы токтомуна кол коюлушун күткөнбүз. Бирок шаар мэринин алмашкандыгына байланыштуу кол коюлган эмес. Берилгенден кийин биз шаардын жаңы чектерин бекитишибиз керек»,- деди Таалайбек Сагынов.  

Талкууда жаңы конуштар боюнча маселе 2015-жылдагы парламенттик шайлоо жакындап калгандыктан, актуалдуу көйгөй болуп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан