Премьер-министр Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси менен жолукту
Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен жолукту. Жолугушууда 2013-жылдын биринчи кварталында өтчү XV кыргыз-орус эл аралык укук комиссиясынын жыйыны тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.