Улуу Британияда 12 жана 13 жаштагы мектеп окуучулары балалуу болуп, Европадагы эң жаш ата-эне деп табылышты

Өткөн аптада Улуу Британияда 12 жаш 3 айлык окуучу 13 жаштагы жигитинен кыздуу болуп, эң жаш эне аталып Европаны таң калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, эң жаш ата-эне Лондондун түндүк бөлүгүндө жашашат. Азырынча юридикалык себептерден улам алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек. Эки жаштын бир жылдан бери мамиле түзүп жүрүшкөнү анык болгон. Окуучулар бир ооздон "Биз бири-бирибизди чексиз сүйөбүз жана кызыбызды өзүбүз эле тарбиялап өстүрүүгө даярбыз. Буюрса, жашыбыз жеткенде үйлөнөбүз" дешкен. Ал гана эмес, алар төрөтканада түшкөн сүрөтүн интернетке жарыялашкан.
Баарынан кызыгы, окуучу-эне 27 жаштагы апасын "өлкөдөгү эң жаш таене" статусуна ээ кылган. Ал эми неберелүү болгон таята Лондондогу "LBC" радиостанциясына "Албетте, ар бир ата-эне сыяктуу эле кызымдын боюнда бар экенин укканымда "Кантип эле?" деп нес болдум. Мындай нерсе качан болуп кеткенин да байкабай калыптырбыз. Анткени биз 24 саат бою анын жанында боло албайбыз да. Башка өспүрүмдөр баңгизаттарын колдонуп кетип жатышпайбы. Аларга караганда менин кызым бир өмүрдү жарыкка алып келип жатпайбы" деп сыймыктануу менен маек берген.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Британияда Тресса Миддлтон аттуу кыз 12 жаш 8 айында эне болуп, эң жаш эне катары таанылган. Ал эми медицинанын тарыхында Перу шаарынын тургуну Лина Медина 1939-жылы 5 жаш 7 айында уулдуу болуп, рекорддук көрсөткүч жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
deva
2014-04-17 15:22:43
Мирбек Иманбеков: "Сүйүүнүн керемети"
+1
tolkun85
2014-04-17 16:14:13
шумдугун кургур
0
ayaza
2014-04-17 17:13:45
Ужас!!!
0
yasmina_kg
2014-04-17 17:43:21
Лина Мединаны озунун чон атасы зордуктап жургон .Баланы чон атасынан торогон
+2
Ch.i.k.a
2014-04-17 17:52:46
Мына жашо
0
momuntay
2014-04-17 21:09:51
Элестетип атам мен азыр теэне болгонумду. Кой э кантип эле 13 жашта бирок эрте го. Мен ойлойм 20 дан ашканда можно. Себеби аял организми толук орчуп эне болгонго даяр болуп калат да
0
Revolyutsioner
2014-04-17 21:24:15
Негизи аялдар 16 жаштан, эркектер 18 жаштан тарта турмуш жолуна аттанса болот деп ишенем, анткени бул куракта физиологиялык да, интеллекти боюнча да ата-эне болууга даяр болушат, 16 жашар кыздын тушунугу да, физиологиясы да толук жооп берет, 18 жаш эмес депутаттар келжирегендей. Эрте уйлонууну каалагандарга ушул жаштан уруксат беруу керек. ал эми уйлонуу/турмуш куруу учун оптималдуу жаш курак эркектер учун 22-25, кыздар учун 19-23 жаш туура болот деп ойлойм. Кеч уйлону/т-ка чыгуу да туура эмес
0
antiwithin14
2014-04-17 21:45:03
Yasmina_kg " чон атасы зордуктап жургон" дейт го. чон атадан да ушундай Дени сак бала торолот экен да. Каны бир адамдардан "бир кем" балдар торолчу беле?
0
Revolyutsioner
2014-04-17 22:40:46
antiwithin14, Ясмина буларды айткан жок, Лина Мединаны айткан, бирок бул маалыматты тактай албадым, чон атасы эмес оз атасын полиция суракка алып далилдей албай койо берген деп айтылат, ал эми 1934-жылы 6 жашында торогон Лиза аттуу Харковдук кызды чон атсы зордуктаган деп жазылып журот. 9 жашында эне болгондор бир нече...
0
Bella-life
2014-04-18 01:16:12
азыркы жаштар эрте жетилип, эрте бой тартып, эрте чон кишилердин жашоосуна аралашып жүрүшөт.
кайда шашышат, жыргап балалыкты баладай өткөзүшпөй.
0
antiwithin14
2014-04-18 01:57:18
Revolyutsioner. Каатуу тийсе кечириниз?! Андай эмесмиииин мен.
0
admin_superstan
2014-04-18 10:13:57
Revolyutsioner, antiwithin14, жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар!
0
yasmina_kg
2014-04-18 11:40:06
Туура,Лиза болуш керек.Эстедим.
0
Kara_kyrgyz
2014-04-18 15:27:12
мына сага демократия! Европа жакшы жашайт деп тим эле адамдар тамшанышат! Дин жок болсо адамдын айбан кылбаган кылыктарында чек жок!
+4
Almaz-85
2014-05-11 23:14:13
Отто тан калаарлык
0
lampard8
2014-05-12 00:47:42
Жеееееееееееееееесть!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан