Бишкекте ок атуучу куралдарды сатып жүргөн жарандар кармалды

Бишкекте ок атуучу куралдарды сатып жүргөн жарандар кармалды. Маалым болгондой, укук коргоо органдары тарабынан Сергей аттуу жаран ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөндүгү аныкталган. Ошондой эле 9-мм Макаров тапанчасын 4 огу менен 36 миң сомго Бишкектин тургунуна сатып жибергени белгилүү болгон. Кийин Сергейге 30 миң сомго дагы бир Макаров тапанчасын сатуу сунушталган. Сергей 30 миң сомду алып, куралды сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. 

Камакка алынган жаран ага бул куралдарды Александр аттуу таанышы сатып берүү үчүн бергендигин билдирген. Александрдын үйүн тинтүүгө алганда 5 огу менен Макаров тапанчасы табылган. Күнөөсүн мойнуна алган Александр өзүнүн таанышында жана үйүнүн жанында катылган дагы эки курал бар экенин айткан. Куралдар табылып, аталган эки жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. 

Аларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-апрелде билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jashtyk.kg
2014-04-17 13:20:01
Эх билбей калыпмын да,мен да алмакмын. Жинге тийген бир,эки акмак бар эле тоголото атат элем.
0
aiba_00
2014-04-17 14:47:02
jashtyk.kg,
Жинге тийгендин баарын тоголото атсан, эмне болот?
Сабыр кыл, сен деле бироонун жинине тийип жургон жоксунбу.
0
bomba
2014-04-17 18:11:19
Ушуга окшогондордон дагы болсо адресин айтып койгулачыыы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан