Башкы прокурор: “2013-жылы Жогорку Кеңеш берген тапшырмалардын көбүн аткардым”

Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова “2013-жылы Жогорку Кеңеш берген тапшырмалардын көбүн аткардым” деди. Анын билдиришинче, аткарылбай калган айрым гана маселелер калды. Депутаттар айыпталуучулардын акталышы боюнча Жогорку Сот менен Башкы прокуратуранын сандарында чоң айырма чыгып жатканын айтышты эле, буга Салянова “Айырмачылыктар чыгып калды. Жогорку Сот 2012-жылкы айрым иштерди кошуп коюптур” деди. 

Айта кетсек, парламентте башкы прокурор 2013-жыл боюнча отчёт берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан