Финляндиядагы "Хюквин" балдар жана өспүрүмдөр искусство борбору кыргызстандык балдарды 15-Эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө чакырат. Көргөзмөнүн темасы "Келгиле, жейбиз!" деп аталып, тамак-аштар тууралуу болмокчу. Катышуучулар теманы улуттук салтына карата көркөмдөсө болот. Мисалы, улуттук тамагыбыз кантип жасалат, көрүнүшү кандай болот, аны кантип жейбиз? Эмгектер 31-майга чейин кабыл алынат жана жаш категориясына карап бааланмакчы.
* 7 жашка чейин
* 10-12 жаш
* 13-15 жаш
* 16-18 жаш
Сынактын шарты боюнча төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
- Сүрөт рамкага салынбашы керек;
- Сүрөт, картина, графика, фотосүрөт, комикс, видео, мультипликация жана башкаларды жөнөтүүгө болот;
- Сүрөттөрдүн көлөмү 42х60 сантиметрден ашпашы шарт;
- Ар бир катышуучу 1 гана сүрөтү менен катыша алат. Ал эми мектептер 10 эмгек жөнөтө алышат.
Мындай маалымат менен бүгүн, 17-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бөлүштү.
Эмгектерди "Хюквин" балдар жана өспүрүмдөр искусство борборунун дарегине (Art Centre for Children and Young People, Kankurinkatu 4–6, FI-05800 Hyvinkää, Finland) жибериңиз. Ошондой эле www.artcentre.fi сайтынан толук маалымат алсаңыз болот.
"Жөнөтүлгөн сүрөттөр кайтарылып берилбейт",- деп эскертишет уюштуруучулар.