Бишкекте алгачкы көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын ачылышы болду

27-декабрда Бишкектин Токтогул көчөсүндө 22 орунду камтыган көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын ачылышы болуп өттү. Бул 4 баскычтуу унаа коюучу жайдын 1 кабаты жердин астында, калган 3 кабаты жердин үстүнөн орун алган. Белгилей кетсек, бул пилоттук долбоор 1 айдын ичинде курулуп бүттү. Шаар мэри Иса Өмүркулов мындай жайларды курууга шаарда ыңгайлуу орун аз экенин белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор жыйынтыгын берсе, шаарда унаа токтотуучу жай маселеси чечилмек. Учурда аталган долбоор улантылып, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү иштери аткарылып жатканы белгилүү болду.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан