Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин экс-акыйкатчы Турсунбек Акунга карата доо арызын жарым-жартылай канааттандырганын билдирди.
Өткөн жылдын соңунда Данияр Нарымбаев “Турсунбек Акун гезитке берген маегинде менин беделиме шек келтирди” деп айтып, андан 1 миллион сом доо талап кылуу арызын берген. Берген арыздын негизинде райондук сот бүгүн экс-акыйкатчыны 50 миң сом төлөтүү чечимин чыгарды.
Бирок Акун соттун чечимине каршы экендигин SUPER.KG порталына билдирди. “Мен райондук соттун судьясы Аида Сейдакматованын чыгарган чечимине нааразымын. Мен ал чечимге каршы арызымды Бишкек шаардык сотуна жана Жогорку Сотко жолдойм. Мен 50 миң сом үчүн эмес, принцип үчүн ушул аракеттеримди жасайм, анткени акыйкаттык чечим мен тарапта”,- дейт Акун.