18-апрелде К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында америкалык жана япониялык музыканттардын чыгармачылык кечеси болот. Кеченин жүрүшүндө алар көрүүчүлөргө мастер-класс да өтүшөт.
Консерваториянын проректору Екатерина Лузанова билдиргендей, кечеде "Весна. Бишкек. Джаз" фестивалынын катышуучулары да өнөрлөрүн тартуулашат. Алар: “Грэмми” сыйлыгынын ээси Эльдар Жангиров (АКШ), анын триосу, белгилүү жаз баяндамачы Кирилл Мошков (Орусия) жана Кэйко Борджесондун жаз триосу (Япония).