Ак-Сайда өрттөлгөн 13 үй боюнча эки тараптуу комиссия иштөөдө

Ак-Сайда өрттөлгөн 13 үй боюнча эки тараптуу комиссия иштей баштады. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Абдипатта Бердиев бүгүн, 17-апрелде билдирди.

Анын айтымында, жайлоодогу үйлөрдүн өрттөлгөнү боюнча маалымат 15-апрелде белгилүү болгон. Кечээ, 16-апрель күнү ал жакка эки тараптан өкүлдөр барышып, үйлөрдү жеринен көрүп келишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Үйлөр качан өрттөлгөнү белгисиз.

Айта кетсек, өрттөлгөн үйлөр Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Ак-Сай айыл аймагына караштуу жайлоодо орун алган. Ал жакка жергиликтүү тургундар жайында гана барышчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Manasasman
2014-04-17 13:58:17
Эшектин тушоосун чечпейт биздикилер башын жерге салып жаш балдарча макул болуп келе беришет. Кийинки жылы ушул жайлоого тажиктер жайлап калышса да тан калбайм. Урдум бийликтегилердин баардыгын.
+2
Evrazia.
2014-04-17 14:11:52
Бийлик талашкандан башка эч нерсени билбейт биздин чондор.Эптеп иликтемиш болот да ошол бойдон калат. Ойлосон канын кайнайт буларды.
0
bomba
2014-04-17 18:07:57
Эмнеден чыккандыгын изилдешет дегени эмнеси... Дагы эмне деп алаксытууга даярданып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан