Букмекердик кеңселер боюнча тиешелүү мыйзамга түзөтүү киргизүү зарыл. Мындай пикирди депутат Жоомарт Сапарбаев бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.
Айтымында, көптөгөн ата-энелерден кайрылуулар, арыздар келип түшүүдө. Жашы жете электердин көпчүлүгү мындай жайларга байма-бай барышууда.
"Букмекердик кеңселер боюнча мыйзамда көптөгөн мүчүлүштүктөр бар экен. Салык жаатында дагы көптөгөн талаш жагдайлар бар. Айрымдары патент менен иштесе, айрымдары келишим менен иш алпарат. Буларды бир калыпка салуу керек",- деген эл өкүлү маселени тезирээк карап чыгуу зарылдыгын айтты.