Бүгүн, 17-апрелде президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Талас облусунда болду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Президент Талас облусунун Кара-Буура районундагы асфальт-бетон заводун ишке берүү иш-чарасына катышты. Иш-чарага өлкө башчысы менен транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева да катышты.
Алмазбек Атамбаев иш сапарынын жүрүшүндө «Манас-Ордо» комплекси менен Манастын күмбөзүндө болуп, куран окутат. Президент күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарына кайтып келери айтылды.
Маалым кат: Асфальт-бетон заводун куруунун негизги бөлүгү 24,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат түрк грантынын эсебинен каржыланды. Заводдо саатына 120 тонна асфальт аралашмасы өндүрүлөт. Заводдун ишке кириши менен 20 адам жумушка алынары маалымдалды.