Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы мектептин абалы оор экенин айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, аталган мектеп каттама панелдер менен салынган.
"Дубалдардын ортосуна кирип, чыга албай өлүп калган көгүчкөндөрдөн жыт чыгууда. Жылытуу системи жоктугунан мектеп муздак болуп, окуучулар айылдын Маданият үйүндө окуп жатышат. Андагы окуучулардын дээрлик 100 пайызы жөтөлүп жатат”,- дейт депутат.
Билим берүү жайынын жамааты мектепти оңдоого каралып жаткан акчага чакан мектеп салса болорун айтып жатканын билдирди Төрөбаев.