"Акча жок туруп реформалык кадамдарга баруу кыйын. Мисалы, сот системинде кадр маселеси гана эмес, сот курамы отура турган имараттардын заман талабына төп келиши - мезгилдин талабы". Муну депутат Токтогул Туманов 16-апрелде "Парламент" радиосундагы түз байланышта билдирди.
"Сот процесстеринин жүрүшү видеотасмага тартылып, стенограммасы такталып, ал гана эмес, анын маңызы интернет баракчаларына жайгаштырылып турганда иш жакшырмак. Башкысы, катардагы жарандардын сот чечимдери менен макул болгондугун же ага ынабагандыгын аныктоонун жардамчы куралы болмок. Мындай системдүү иш колго алыныш үчүн мыйзам талаасында бир топ сунуштар иштелип жатат",- дейт депутат.