Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-апрелде башкы прокурор Аида Салянова жылдык отчёт берүүдө. Башкы прокурор 2013-жылы оор жана өзгөчө оор кылмыштардын азайганын билдирди. Айтымында, 2012-жылы 4099 оор кылмыш жасалса, 2013-жылы бул сан 3748ди түздү. Киши өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу кылмышы 20,3 пайызга азайыптыр.
Салянова 2013-жылы кызмат абалынан пайдаланган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча 161 кылмыш иши козголгонун айтты.
Башкы прокуратура былтыр 77 254 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болду.