Кыргыз-казак чек арасында аткезчилик менен алектенип жүргөн жарандар кармалды

Кыргыз-казак чек арасында аткезчилик менен алектенип жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Чүй чек ара бөлүмүнүн чек арачылары кыргыз-казак чек арасынан Тoyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен жүк алып бараткан жеринен кыргызстандык жаранды кармашкан. Ал эми карама-каршы тарапта мыйзамсыз жүктү күтүп турган казак жарандары болгон. Аларды казакстандык чек арачылар колго түшүрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик боюнча кодексине ылайык, кыргызстандык жаран айып пул төлөдү. Анын аткезчилик менен алып бараткан жүгү 250 миң сомго бааланган. Андан аркы иликтөө үчүн кармалган адам жана ал алып бараткан жүк Ысык-Ата РИИБине өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан