Кагаз менен калемди эрмек кылып, көп убактысын сүрөт тартуу менен өткөргөн жаш, таланттуу сүрөтчүнүн дүйнөсү менен таанышып кайттык. Чыгармачылыгынын эркин өнүгүүсү жана сүрөт тартып берүү сунушу менен кайрылгандардын талабын орундатуу үчүн өзүнчө бөлүнүп, батирде жалгыз жашайт. Батиринде 300дөн ашык сүрөт бар.
“АТАКТУУЛАРДЫН СҮРӨТҮН ТАРТУУ ЖЕҢИЛ”
Медер бул өнөргө 3 жашынан тарта кызыгып, автоунаалардын сүрөттөрүн тарта баштаган. Медердин эмгектеринин көбү атактуулардын сүрөттөрүнөн турат. “Алгач Чыңгыз Айтматовдун портретин тарттым. Андан кийин атактуулардын сүрөтүн тартууга өттүм” дейт бул тууралуу. Чынында, анын сүрөттөрүнүн катарынан кыргыздын залкар инсандарынан тарта бүгүнкү күндөгү эстрада ырчыларына чейин, дүйнөгө аты чыккан актёрлордон спортчуларга чейин табууга болот. “Атактуулардын сүрөтүн тартып калганым, алардын бет түзүлүшү көбүрөөк белгилүү жана тартууга ыңгайлуу” дейт.
“3D ФОРМАТЫНДА ТАРТЫЛГАН СҮРӨТТӨР ӨЗҮМӨ ЖАГАТ”
Каарманыбыздын үйүндө 300дөн ашык сүрөт бар. Алар А4 жана А3 форматындагы барактарга 3D өзгөчөлүгү менен түшүрүлгөн. Мисалы, моюну ийилип тургандай таасир калтырган кобранын сүрөтүндө, гитара чертип жаткан Нурбек Савитахуновдун, Омардын велосипед таянып турган сүрөттөрүндө бул өзгөчөлүк ачык байкалат. “Өзүмө 3D форматында тарткан жагат. Азыр социалдык тармактарда менин өнөрүмдү көрүп, кеңеш сурагандар болуп жатат. Кыскасы, бул өнөргө кызыккандан көбөйүүүдө” деген оюн айтат сүрөтчү.
1 ЖАКШЫ СҮРӨТКӨ 10 СААТ САРПТАЙТ
А3 форматындагы кагазга түшүрүлгөн жакшы бир сүрөткө Медер 10 сааттан ашык убакыт сарптайт. Айрым учурда түнү менен сүрөт тартып, таң атканда уйкуга кирет. Анын айтымында, Омардын "Супер-Инфо" гезитине велосипед кармаган образда чыккан сүрөтүн көрүп, түнкү саат бирге чукул тартып баштаган. Велосипедди чыгып тургандай кылып тартса болоруна көзү жеткенде эртең мененки онго чейин тартып бүтүргөн. Ал эми А4 форматындагы барактарга түшүрүлгөн сүрөттөр деле 4 сааттын тегерегиндеги убакытты талап кылат. Анын өзгөчөлүгү, боёк колдонбойт. Кагаз жана калем болсо жетиштүү. “Сүрөтчү сызгыч, өчүргүч колдонбош керек” деп эсептейт.