Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов 2014-жылдын март жана февраль айларында салык чогултуу боюнча божомолдоо көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы үчүн Cалык кызматынын органдарынын бир катар жетекчилерине сөгүш берди. Замирбек Осмонов 8 жетекчиге жана орун басарларына сөгүш жарыялады. Андан сырткары 4 кызматкерге сөгүш берсе, 39 кызматкерге эскертүү берилди.
Сөгүш алган жетекчилердин тизмеси төмөнкүдөй жарыяланды:
1. Менсулин Абылгазиев - Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) СЭЗ субъектилерин көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
2. Каныбек Момуналиев - МСКнын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
3. Кылычбек Жаныкулов - МСКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
4. Акылбек Каримов - МСКнын Бишкек шаары боюнча башкармалык жетекчисинин орун басары;
5. Бакытбек Садиров - МСКнын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
6. Гүлбара Арыкбаева - МСКнын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалык жетекчисинин орун басары;
7. Чолпон Кеңешова - МСКнын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалык жетекчисинин орун басары;
8. Максатбек Исмаилов - МСКнын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук башкармалыгынын жетекчиси.