Учурда телеалпаруучу Максат Давранов Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган аялдардын этникалык кийимдеринин мода жумалыгына катышуу үчүн кызуу даярданууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
"Өзүм Ош мамлекеттик социалдык университетинин дизайн-технолог факультетин аяктагам. Окуумду аяктап жатканда 2 коллекциямды тартуулагам. Кийин теле жаатына өтүп кетип, бул ишим токтоп калган эле. Эжейлеримдин "жумушуңду колго албайсыңбы..." деген сунуштарынан кийин мода тармагына кайра баш бактым. Буюрса, Өзбекстанда өтүүчү мода жумалыгына коллекциямды даярдап жатам. Ал 5 көйнөктөн турат",- дейт дизайнер.