КРнын Улуттук илимдер академиясына архивдерди электрондук вариантка өткөрүү максатында сканер алынып келинди

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз улуттук илимдер академиясынын китепканасында 1 миллион 500 миң сомдук ATIZ Book Drive Pro сканеринин ачылыш аземи болуп өттү. Ал АКШнын Улуттук администрациясынын Ядердик коопсуздугунун энергетика департаментинин финансылык жардамы менен алынган. "Сканер сакталып турган архивдерди электрондук вариантка өткөрүү үчүн колдонулат" деп билдирди аталган жайдын басма сөз кызматы. 

Белгилей кетсек, кыргыз виртуалдык илимдер китепканасы АКШнын Улуттук администрациясынын ядердик коопсуздугунун энергетика департаментинин финансылык колдоосу менен ачылып, CRDF-Global программасы менен иштеп келет.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
duiusheev
2014-04-17 15:31:11
Мындай сканерди 1 ай мурун ОшМУдан коргонмун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан