2013-жылы Жогорку Кеңештин 5 депутатына кылмыш иши козголуп, бирок иштер сотко толук өтпөй калды. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын билдиришинче, буга парламенттин күнөөсү бар.
“Кылмыш иши козголгон депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча силерден уруксат сурап келем. Былтыр кылмыш иши козголгон депутаттардын көбүн жоопко тартууга макулдук бербей койдуңар. Иш сотко өтпөй калды, бирок токтоп турат. Алардын депутаттык мөөнөтү аяктагандан кийин кылмыш ишин жанданта алабыз”,- деп билдирди башкы прокурор.