Бишкекте инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү
27-декабрда Бишкекте мэр Иса Өмүркуловдун катышуусунда инфекциялык ооруларга байланыштуу жыйналыш болуп өттү. Иш-чарага шаардагы мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты. Иса Өмүркулов Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментин жетиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сындап, 2012-жылы гепатит, кургак учук менен ооругандардын саны өскөндүгүн айтты. "Эмне үчүн медициналык кызматтар укук коргоо кызматкерлери менен бирге иш жүргүзбөйт? Мурда камалып чыккандардын кайсы жерде жашай турганын эч ким билбейт. Аларды каттоого алыш керек, анткени кургак учук сыяктуу ооруларды ошолор алып жүрөт",- деди Иса Өмүркулов.